«Полибетондун» Директорлор кеңешинин мүчөсү ААКдагы үлүшүн көбөйттү

24 марта 2023, 11:55

"Полибетон" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Светлана Липович компаниядагы үлүшүн көбөйттү. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак, эгерде мурда ага 35,71% акция таандык болсо, өзгөртүүдөн кийин уставдык капиталдагы үлүшү 36,56% га жетти.

Мындай өзгөртүүлөр 14-марттан тарта күчүнө кирди.