ЖККУнун мүчөлөрү Ооганстандагы кырдаал боюнча видеоконференция өткөрүшөт

22 августа 2021, 11:00

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлери Ооганстандагы кырдаал боюнча 23-августта видеоконференция өткөрүшөт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда билдирди.

"Азыр эң курч маселелердин бири - коопсуздук маселеси, өзгөчө Ооганстанда азыр өнүгүп жаткан окуяларга байланыштуу. Дүйшөмбү күнү, мен үмүт кылам, биз ЖККУнун алкагында видеоконференция режиминде чогулабыз", - деди Путин.

15-августта "Талибан" террордук уюму Ооганстандын бүт аймагын көзөмөлгө алган.