«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү мыйзамсыз иштешкен - УКМК

1 декабря 2022, 15:10

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз иштөө фактылары аныкталды.  Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1993-жылы туулган “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин  кеңешчиси  Айпери Кулмурзаева, 1994 жылы туулган фракция катчылыгынын эксперти Айгерим Алибаева, 1993-жылы туулган Азамат Муратбек уулу Адахан Мадумаровдун жардамчысы болгон. Жумуш учурунда жасалма документтерди, тагыраагы, эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөн. 

Аларга карата Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгү (Атайылап жасалма документти колдонуу) менен кылмыш иши козголгон.

Айгерим Алибаева менен Азамат Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазышкан. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Айпери Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулду.