Чолпон-Атада 14 гектар аянтка аллея курулат
Чолпон-Ата шаарында "Рапопорт" атындагы аллея куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аллеянын эскиздик долбоору Ысык-Көл районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.
Долбоор боюнча аталган аллея "Газпром" спорттук-эс алуу комплексинин аймагында жайгашат, анын жалпы аянты 14 гектарды түзөт.