Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болду

2 июля 2021, 17:30

Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекеттик катчынын функцияларына идеология, билим берүү, жарандык коом менен кызматташуу, этностор аралык жана диндер аралык ынтымак маселелери кирери белгилүү.

Абыкеев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп жаткан.