Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган депозиттик эсепте канча каражат бар?

9 августа 2023, 11:35

Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган депозиттик эсепте 9-августка карата 31,5 миллион сом бар. Бул тууралуу "Акчабарга" Каржы министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, депозиттик эсеп 2020-жылдын ноябрь айында ачылган. Бирок эсеп ачылгандан бери акча алынган эмес. Топтолгон каражаттарды пайдалануу жөнүндө чечимди Министрлер кабинети гана кабыл алат.

Ошол эле учурда чогулган сумма АКШ долларынын курсунун өсүшүнө байланыштуу жыл сайын төмөндөп жатат.

Кыргызстан тышкы карызын АКШ доллары менен төлөйт, бүгүнкү күндө бул 31,5 миллион сом 358,5 миң долларды түзсө, 2022-жылдын аягында ушул эле акча 381,1 миң доллар болчу. Айырмасы 22,6 миң долларды же 2 млн сомду түзөт (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 9-августка карата курсу боюнча). Азыр доллардын куну өсүп жатканын, ал эми чогулган сумма азайып баратканын эске алсак, Министрлер кабинети каражатты эмне үчүн тышкы карызга багытабай жатканы түшүнүксүз.