Чүй облусунун бюджети 90%га жакын толукталды

19 мая 2020, 13:15

Чүй облусунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 90%га жакын аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, 4 айдын (ред.: январь-апрель) жыйынтыгы менен бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 90%га жакын аткарылды.

«Пландалган 1 млрд 831 млн сомдун ордуна 1 млрд 608 млн сом чогулду. Экономикалык туруктуулукту сактоо максатында облустук штаб берген тапшырмаларга ылайык иш-чаралар планы бекитилген. Облустагы 142 ири ишканын ичинен 32 ишкана иштеген жок. Абал турукташкандан кийин кайра иштөөсү күтүлүүдө», — дейт ал.