«Чынар», «Кыял» базарлар убактылуу жабылат

17 июня 2020, 12:00

2020-жылдын 14-майынан 16-июнга чейинки мөөнөттө 7 897 ишкердик объекти текшерилип, жыйынтыгында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарга 930 протокол түзүлгөн. Жалпысынан  1 996 500 сом айып салынган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

 

 Дезинфекциялык иш-чараларды өткөрүү үчүн Аламедин-1 кичи районундагы «Чынар» кичи базары, ошондой эле «Кыял» базары убактылуу жабылат.