Чынара Жакупбекова «ФинансКредитБанктын» директорлор кеңешинин төрайымы болду

4 июня 2021, 12:08

Ушул жылдын 2-июнунда, директорлор кеңешинин кезектеги отурумунда, "ФинансКредитБанк" ААК төрагасы шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.

Бош орунга Чынара Жакупбекова дайындалды.

Osoo.kg сайтына ылайык, ал "Жакупбекова & Партнерлор" юридикалык компаниясынын директору.