Товарды санарип идентификациялоо маркировкалардын башка түрлөрүнөн натыйжалуу

16 ноября 2022, 12:43

Продукцияны санариптик идентификациялоо маркировкалардын башка түрлөрүнө караганда натыйжалуурак. Бул тууралуу “Альфа Телеком” ЖАКтын башкы директорунун орун басары Эдуард Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өлөдөгү айрым товарларга, анын ичинде акциздик товарларга санариптик маркалоо системасы ишке кирди.

“Учурда республикада маркаланган товарлардын кыймылын көзөмөлдөй турган система иштелип чыгууда”, - деди ал.