Шайлоо-2020: шайлоону чагылдыруу үчүн 210 ЖМК каттоодон өттү

28 июля 2020, 09:11

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө токтомду 27-июлда өткөн отурумда кабыл алды.

 

 

«Эфирдик убакыт, ЖМК үчүн басмакананы жана Интернет-басылмаларда жарыялоо укугун берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылат», - деп маалымдады БШК.