БШК 11,9 млн сомго канцелярдык товар жана термокагаз сатып алат

2 сентября 2021, 14:07

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комисси канцелярдык товарларды жана кагаздарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.

Тендердик табыштаманын жалпы баасы 11 миллион 968,9 миң сомду түзөт. Анын ичинен 8 миллион 692,9 миң сом канцелярдык товарларга, калган сумма 63 миң түрмөк термокагаз сатып алууга жумшалат.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 8-сентябрь, заказ сентябрдын аягына чейин бүтүшү керек.