Италиялык компаниялар ЕАЭС менен кызматташууга даяр экенин билдиришти

21 ноября 2019, 11:51

Италиялык өнөр-жай бирикмеси Confindustria Russia ЕАЭСтин соода жөндөмдүүлүгүнө болгон кызыкчылыгын арттырып, бирге кызматташууну көздөөдө. Бул тууралуу ЕЭК менен болгон эки тараптуу жолугушууда билинди. 

Бирикменин президенти Эрнест Ферленги италиялык компаниялардын Евразия Экономикалык Союзга болгон кызыкчылыгын баса белгилеп өттү. 

«Биз ЕАЭС мамлекеттери менен активдүү кызматташабыз. ЕАЭСтин рыногу чоң жана потенциалы жогору экени көрүнүп турат. Кээ бир тоскоолдуктарга карабастан, биздин диалог жакшы жыйынтык берээрине ишенебиз. Биздин бирикме ЕАЭСке бир катар компанияларды алып келүугө даяр», – деп кошумчалады ал.