COVID-19: атайын эсепке 137 млн сом топтолгон

12 мая 2020, 17:00

Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн атайын эсебине 12-майга карата 137 млн 288 миң 648 сом топтолгон. Анын ичинен 134 млн 144 миң сом медицина кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөп берүү үчүн жумшалган. Бул тууралуу help.covid.kg сайтында маалымдалат. 

Соцөнүгүү министрлигинин эсебине 17 млн 293 миң 262 сом которулуп, анын ичинен 16 млн 139 миң 996 сом тиешелүү жакка жумшалган. Өз кезегинде мэриянын атайын эсебине 7 млн 96 миң 326 сом келип түшүп, анын ичинен - 2 млн 681 миң 441 сом коротулган. 

Эске сала кетсек, коронавирус менен каршы күрөшүү максатында юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу негизде акча которуулары үчүн Каржы министрлиги тарабынан атайын эсеп ачылган.