COVID-19: быйыл 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт

21 мая 2020, 14:50

Быйыл 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү салтанаттуу түрдө өткөрүлбөйт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

 

 

Анын айтымында, балдар үчүн оюн-аянттары, сейил бактар иштебейт.

«Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга онлайн түрүндө сүрөт тартуу жана оюн-зооктор уюштурулат. Биз кырдаалга байланыштуу балдарга майрамдык маанай тартуулай албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз», — дейт Мирзахмедов.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.