COVID-19: атайын эсепке 15-май күнү 79 миң сом которулган

18 мая 2020, 11:45

COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 15-майга карата 79 миң 101 сом топтолгон. Бул тууралуу Help.covid. kg порталында маалымдалат. 

15-майда которулган каражаттын басымдуу бөлүгү Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине - 59 101 сом келип түшкөн. Муну менен катар, бүгүнкү күндө эсепке 137 м лн 798 миң 143 сом бар. 

Андан сырткары, 15-майда Соцөнүгүү министрлигинин эсебине 20 миң сом которулган. Бул каражаттар Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлердин 1 күндүк эмгек акысынын эсебинен бөлүнгөн. Эсеп ачылган күндөн тарта которулган каражаттардын суммасы - 17 млн 313 миң 282 сомду түзгөн. 

Бишкек мэриясынын эсебине 11-майдан тарта каражат которула элек.