Борбордук банк: Россиядан чет элдик инвесторлор чыгып кетүүдө

9 апреля 2019, 14:56

 2018-жылы Россияда инвестициялык капиталдын көлөмү  $6.5 млрд кыскарды. Бул расмий статистика РФ Борбордук банкында жарыяланды. 

Бул көрсөткүч 1997-жылдагы абалга тенделди. Россиялык компанияларда катышкан чет элдик инвесторлор  орустарга салган $22.4 млрд каражатын чыгарып кетишкен. Ал эми жаңы келген инвестициялардын көлөмү $15.9 млрд гана болду. Бул акыркы он жылдыктын ичндеги көрсөткүчтөрдөн эки эсе төмөн деп жазылат эсепчтотто. 

Ушул жылдын башынан бери чет элдик инвестиция дагы  кыскарууда.  Бул дүйнөлүк жана Кытайдагы экономикадагы өсүүнүн жайлашына байланыштуу.  Ошондой эле,  АКШ менен  айрым Европа мамлекеттеринин санкциялары дагы терс таасир этүүдө.