Бир аптадагы экономика жаңылыктар топтому – 17.02.-21.02.

21 февраля 2020, 17:00

Калктын кирешесинин өсүшү, фермерлер үчүн жагымдуу кабар жана эмне үчүн Венгрия менен Кыргызстан түз инвестициялар боюнча сүйлөшө албай койгондугу тууралуу - кененирээк биздин макалада.

Улуттук статистикалык комитет кабарлагандай, 2019-жылы кыргызстандыктардын кирешеси 8,1 пайызга жогорулап, 329,5 млрд сомдон ашкан. Алардын басымдуу бөлүгүн дагы деле айлык маяна (72 пайыз) түзө тургандыгы айтылууда. Андан аз салымды социалдык төлөмдөр  (15 пайыз) менен айыл-чарба продукциясын сатуудан түшкөн каражаттар түзөт (9 пайыз).

Айлык маяна тууралуу сөз кыла турган болсок, Кыргызстанда ал ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу эң төмөн экендигин кошумчалап кетүү керек. Мисалы, Орусияда орточо айлык акы Кыргызстандыкынан үч эсе жогору. Борбор калаа менен региондордогу маянанын ортосундагы айырма чоң экендигин белгилеп кетүү зарыл. Бишкектеги жумушчулар алардын аймактардагы кесиптештеринен 22 пайызга көп төлөм алышат.

Ага карабастан позитивдүү динамика бар. Былтыр ЕАЭБдин дээрлик бардык мамлекеттеринде айлык акынын көлөмүнүн өсүшү байкалган. Жана эң көп өсүү Казакстанда болуп, жыл ичинде 15,27 пайызды түзсө, экинчи орунду Беларус ээлеген- 13,3 пайыз, ал эми үчүнчү орунда Армения жайгашып, ал жердеги өсүү 5,8 пайызды түзгөн.

Киреше болгон жерде салык да болот.  Ал эми жарандар аны жылдан жылга алыстан төлөөгө көнүүдө. 2019-жылы кыргызстандыктар 426,6 млн сом салыкты дистанциондук негизде төлөгөн, бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, баардыгы 345 миң салык төлөмү болгон. Көпчүлүк учурда ал үчүн интернет банкинг колдонулган (17 миң жолу), банкоматтар (16,8 миң жолу) жана мобилдик банкинг (13,2 миң жолу) колдонулган.

2013-жылдан бери Кыргызстандын өкмөтү фермерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырып келет жана ал 2020-жылы дагы уланды.  Бир нече күн мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл-чарбаны каржылоо-8» долбоорун ишке киргизүү тууралуу токтомго кол койду. Өкмөт башчынын айтымында, бул долбоорго быйыл 6 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнөт.

Аткаминерлердин айткандарына ишенсек, региондордогу жашоо өркүндөп өсүүдө. Кечээ Жогорку Кеңештин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков 2025-жылга чейин республиканын баардык айылдары таза суу менен камсыз болорун билдирди. Бул планды ишке ашыруу үчүн гранттар, льготтук насыялар жана бюджеттен каражаттар багытталат.

Жана, акырында, Венгрияга барууну пландап жаткан жарандар үчүн жагымдуу кабар. Бишкекте аталган мамлекеттин элчилигинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага жогорку деңгээлдеги коноктор, тагыраак айтканда, Венгриянын Тышкы иштер министри Петр Сийярто катышты.

Кыргызстан менен Венгриянын алакаларында кандайдыр бир  жылыш болду деп айта алабыз, анткени соода-сатык дагы деле төмөн бойдон калууда. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соода жүгүртүү 7 млн долларга бааланган.

Ага карабастан Венгрия түз инвестициялар банкын ачуу үчүн Кыргызстанга 50 млн евро өлчөмүндөгү каражат берүүгө даяр. Бирок бул каражатты алуу үчүн Кыргызстан аталган фонддун капиталынын 50 пайызын төлөшү керек. Азырынча кое турууну чечишти. Экономика министри Санжар Муканбетов Кыргызстандын үлүшүн 20 пайызга чейин төмөндөтүп же каражатты Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу инвестициялоо сунушу менен чыкты.