Дастан Догоев мурдагы кызматына кайра келди

26 октября 2021, 16:37

Минкабдын түзүмүндө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайрадан түзүлүп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Дастан Догоев дайындалды. Аны жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн тааныштырды.

Акылбек Жапаров өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүү стратегиялык жактан маанилүү экендигине токтолуп, ишмердүүлүктүн көптөгөн артыкчылыктуу тармактарында санариптештирүү боюнча комплекстүү ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

"Сиздердин алдыңыздарда үч маанилүү багыт турат. Кыска мөөнөттө калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жигердүү өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл. Бардык суроо-талаптар электрондук документ жүргүзүүгө өткөрүлүшү керек. Өлкөбүз жаңы жылга чейин электрондук документ жүргүзүүгө өтүшү тийиш", - деди Жапаров.

Ал мындан тышкары, салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүү, виртуалдык кампаларды ишке киргизүү зарылдыгына токтолду.

"Келерки жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызмат көрсөтүү, бизнес менен өз-ара аракеттенүү, санариптештирүү боюнча механизмдер даяр болушу керек", - деди ал. 

Санарип өнүктүрүү министрлиги ушул жылы 5-майда түзүлгөн. Бирок 12-октябрда куралган Министрлер кабинетинин курамында мындай мекеме болгон эмес.