Бишкектеги муниципалдык ишканалардын дебитордук карызы 1,1 млрд сомдон ашты

23 сентября 2021, 16:31

Бишкек шаарынын мэриясынын айрым муниципалдык ишканаларында дебитордук карыз 1,1 миллиард сомдон ашкан. Мындай абал муниципалдык ишканалар тарабынан функцияларды туура эмес аткаруудан жана тийиштүү көзөмөлдүн жоктугунан келип чыкты, - деп билдиришти мэриядан.

Дебитордук карыздын себептерин аныктоо үчүн борбордун мэриясы структуралык бөлүмдөргө текшерүү жүргүзүүнү баштайт.

"Аудит "Тазалык", "Бишкексвет", "Бишкекасфальтсервис", "Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканаларында, муниципалдык кызмат департаментинде жана "Бишкекжылуулук" коммуналдык ишканасында жүргүзүлөт. Келечекте башка шаардык кызматтарда да ушундай текшерүүлөр болот, - деп жазды мэриянын басма сөз кызматы.