Айыл өкмөттөрүнүн сууга болгон дебитордук карызы 17,9 млн сомду түздү

19 мая 2021, 12:30

"Бишкексууканал" ишканасы Көк-Жар, Лебединовка, Новопавловка айыл өкмөттөрүн ичүүчү суу менен камсыздоонун көлөмүн чектеди. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Көлөм Бишкек шаарында күчүнө кирген стандарттарга ылайык, бир адамга күнүнө 165 литрге азайган.

"Таза суу менен камсыздоону кыскартууга аргасыз болдук, анткени айыл өкмөттөрүндө ири дебитордук карыздар болгон, май айында ал 17 миллион 896 миң 8,4 сомду түздү", - деп айтылат билдирүүдө.

Ичүүчү суунун бул көлөмү жашоочулардын муктаждыктары үчүн жетиштүү экендиги белгиленди.