Быйыл республикалык бюджеттин тартыштыгы 12 млрд сомго өсөт

12 мая 2023, 08:42

Кыргызстандын республикалык бюджетинин тартыштыгы 2023-жылы 21 миллиард 263,2 миллион сомго жетип, ИДПнын 2,3%ын түзөрү болжолдонууда. Бул 2022-жылга бекитилген 9,12 миллиард сом бюджет таңсыктыгына салыштырмалуу олуттуу өсүш.

Бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн өкмөт ички булактардан, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн 2,28 миллиард сом тартууну пландаштырууда.

Каржылоонун негизги бөлүгү, болжол менен 18,98 млрд сом мамлекеттик инвестициялык кредиттер жана программалык кредиттер сыяктуу тышкы булактардан алынат.

Эске салсак, 2022-жылы 9,1 миллиард сом өлчөмүндө бекитилген бюджеттин тартыштыгына карабастан, иш жүзүндө ал жогору болуп, 13,1 миллиард сомду түзгөн.