Кыргызстандын соода балансынын тартыштыгы 729,9 млн долларды түздү

7 декабря 2021, 09:14

Быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде соода балансы импорттук жана экспорттук операциялардын өсүшүнүн таасири астында түзүлдү. Импорт 46,1% өссө, экспорт 10,8%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты боюнча акыркы отчетунда айтылат.

Натыйжада өлкөнүн соода балансынын дефицити 729,9 миллион долларды түздү.

"Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 32,8%га өсүп, 2 млрд долларды түздү. 2021-жылдын үчүнчү чейрегинде акча которуулардын көлөмү 2020-жылдын ушул эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 4,1%га өстү", - деп билдирди Улуттук банктагылар.