Деградацияланган 10 миң гектар жер калыбына келтирилди
Кыргызстанда деградация болгон 10 миң га жайыт калыбына келтирилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, муну менен пландалган иштер республика боюнча 100% аткарылды.
Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Орусиядан 99 тонна 500 кг жайыт үрөнү сатып алынган. Техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер үрөндү кол менен чачып, түзүлгөн графикке ылайык мындай иштер күнүнө уланган.