«Альфа Телекомдун» лицензияларынын бири убактылуу токтотулду

11 июля 2023, 10:51

“Альфа Телеком” ЖАКтын (MEGA соода маркасы) лицензияларынын бири убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл жана финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматы билдирди.

Тактап айтканда, жөнгө салуу кызматы виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иштөөгө мурда берилген лицензияны бир айга токтотту. 

Финансылык көзөмөл органынан “Акчабарга” белгиленгендей, лицензияны токтотуу чечими отчеттуулуктагы системалуу мыйзам бузууларга байланыштуу. 

"Бул виртуалдык активдерди тейлөө провайдеринин ишмердүүлүгүндөгү тобокелдиктерге ыкчам жооп берүү, кардарлардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо максатында жасалды", - деп баса белгилейт жөнгө салуучу орган.

Кошумчалай кетсек, “Альфа Телеком” ЖАКсы менен бирге виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун да лицензиялары токтотулду. Алар “АльфаБит Групп” ЖЧКсы, “АСС” ЖЧКсы, “Аккула-ЮТ” ЖЧКсы, “Битмани Кг” ЖЧКсы жана “Криптоплюс” ЖЧКсы.