Кыргызстанга OSTIM Enerjik компаниясынын өкүлдөрүнөн турган ири делегация келет

10 декабря 2021, 13:09

Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев 7-декабрда OSTIM Enerjik кластерине бириккен энергиянын кайра жаралуучу булактары жана экологиялык технологиялар тармагындагы OSTIM Уюшкан өнөр жай аймагынын компаниялар тобунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар OSTIM Enerjik компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегациянын Кыргызстанга боло турган иш сапарын талкуулашты, анын жүрүшүндө кыргызстандык ишкерлер менен B2B жолугушуулары пландаштырылууда.

Элчи Өмүралиев түрк тарапка энергетика тармагы жана Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Ал өлкөнүн гидроэнергетика тармагындагы потенциалы чоң экенине токтолуп, кичи ГЭСтерден электр энергиясын сатып алууга мамлекет 10 жылдык кепилдик берерин белгиледи.