«Дем берүүчү гранттарга» былтыр бюджеттен 593,9 млн сом бөлүнгөн

13 января 2023, 09:59

Былтыр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардагы социалдык объектилер мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелерди жакшыртуу максатында республикалык бюджеттен 600,0 млн сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ага ылайык, 2022-жылы ишке ашырууга 297 долбоор бекитилген.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоо боюнча, 2022-жылы республикалык бюджеттен “Дем берүүчү гранттар” боюнча 593,9 млн сомго 288 долбоор каржыланып, анын ичинен 275 объект бүткөрүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.