Дем берүүчү гранттын эсебинен Чүйдө 50дөн ашык долбоор каржыланды

9 ноября 2023, 13:30

Чуй облусуна 2023-жылдын 10 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 79,6 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган каражатка облустун аймагында 51 долбоор каржыланды. Алар:

- 25 мектепке – 39,3 млн сом;

- 1 саламаттык сактоо мекемеге – 2,4 млн сом

- 8 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине – 13,1 млн сом;

- 2 спорттук курулуштарга - 2,4 млн сом;

- 10 маданий маанидеги объектилерге – 17,7 млн сом;

- 5 бала бакчага – 4,7 млн сом.