“Демир Банк” “Кайыңды-Кант” кант заводуна кредиттик линия ачты

10 января 2022, 14:40

“Кайыңды-Кант” ачык акционердик коому “Демир Банк” менен банктык айлануучу насыя келишимин түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Келишим 2 млн доллар өлчөмүндө  айлануучу кредиттик линияны ачууну камтыйт.Акча жылына 9% менен берилет. Төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 20-августа чейин.

Белгилей кетсек, келишим өткөн жылдын 30-декабрында түзүлгөн.