Кыргызстандан которулган каражаттардын көлөмү 12% төмөндөдү
2020-жылы Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган каражаттын көлөмү 488.2 млн долларды түздү. 2019-жылга салыштырмалуу которуулар 12% кыскарды. Анда кыргызстандыктар чет өлкөгө 554.6 млн доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Каражаттардын басымдуу бөлүгү Россияга жиберилген — 474.4 млн доллар, 2019-жылы 547.7 млн доллар которулган.
Ал эми Казакстанга 2019-жылы кыргызстандыктар тарабынан 1.5 млн доллар которулган. Өткөн жылы бул сумма 5.1 млн долларга өскөн.