Бир ай ичинде коммерциялык банктарынын депозиттик базасы 2,5% га өстү

29 июня 2021, 09:35

2021-жылдын май айында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын депозиттик базасы 193,3 млрд сомду түзгөн. Улуттук банктын отчетуна ылайык, бир айдын ичинде портфель 2,5% га өстү.

Анын басымдуу бөлүгү улуттук валютадагы депозиттерге туура келет - 109 миллиард сом, чет өлкө валютасында - 84,2 миллиард сом.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери банктардын депозиттик базасы 179,2 млрд сомдон 7,3% га өстү.