2020-жылы депозиттик портфелдин көлөмү 20% жогорулаган

4 февраля 2021, 14:00

Банк секторунда насыялык портфель 11%га көбөйүп (162,6 млрд сомду түздү), депозиттер 19,9%га өстү (180,9 млрд сомду түздү). Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов президент менен болгон жолугушууда билдирди. 

 

«Депозиттерди долларлаштыруунун деңгээли 42,9%ды түздү, насыяларды долларлаштыруу 32,9%ды түздү. 2020-жылдын ичинде алтынвалюта резерви 384 млн АКШ долларына өсүп, жыл соңунда 2 млрд 808 млн АКШ долларын түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат», - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов. 

Эске сала кетсек, 2020-жылы улуттук валютадагы орточо пайыздык чен 0,8% төмөндөгөн.