Комбанктардагы жеке адамдардын депозиттери 1,2 млрд долларды түздү

27 июля 2021, 10:25

Июнь айынын аягында жеке адамдардын депозиттери 103 миллиард 978 миллион сомдон (1,2 миллиард доллар) ашты. Коммерциялык банктардын жалпы депозиттик базасы 201 миллиард 820 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жеке адамдардын 103 миллиард 978 миллион сомдук депозиттеринин 66,5 миллиарддан ашыгы сом түрүндө, 37,4 млрд чет өлкөлүк валютада сакталууда.