Депутат: Кыргызстанда «үй-бүлөлүк декларация» деген түшүнүктү киргизүү керек

22 января 2020, 12:00

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатат. Анда депутат Акылбек Жапаров Кыргызстандын ар бир жараны үй-бүлөлүк декларациясын көрсөтүшү керектигин айтты. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасы жазды. 

«Эстонияга депутаттар тобу барып келдик. Ал жакта санариптештирүү жолго коюлуптур. Бир аял ал жерден өзүнүн үй-бүлөлүк декларациясын 30 секундда көрсөтүп койду. Ал жакта баары программалаштырылып бүтүптүр.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү алдыңкы орунга коюп жатат. Биз дагы бул иштерди тезинен аткарышыбыз зарыл. Кыргызстанда «үй-бүлөлүк декларация» деген түшүнүктү киргизүү керек. Учурда бул тартипти киргизүүдөн көп саясатчылар коркуп жатат. Анткени алар мүлкүнүн басымдуу бөлүгүн туугандарына каттатып коюшкан», – деди эл өкүлү.

Жапаров салык кызматында ката кетирген адистерди бул кызматка жолотпоо керектигин айтып, протоколдук тапшырма берди.