Депутат Суусамыр жайлоосундагы фермерлерге 12 млн. сом жардам көрсөтүүнү сунуштады

18 сентября 2019, 13:24

Депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) бүгүн, 18 – сентябрдагы ЖКнын  пленардык жыйынында Суусамыр жайлоосундагы түшүмү кар астында калган фермерлерге жардам көрсөтүүнү сунуштады. 

Фермерлер мамлекеттин колдоосун сезиш үчүн аларга жардам бериш керек. 12 млн. сом бөлүп бериш керек” – деп билдирди. 

Депутат бул сунуш менен агрардык саясат боюнча комитетке, суу ресурсуна, экология жана регионалдык өнүктүрүүгө кайрылганын билдирди.