Осмонова: жумушсуз жарандарга төлөнүүчү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатуу керек

22 мая 2020, 11:20

Жогорку Кеңештин 21-майда өткөн жыйынында депутат Айнура Осмонова өзгөчө кырдаал учурунда кирешесин жоготкон жарандардын көбөйүп жатканы тууралуу сүйлөдү. Анын айтымында, жумушсуз калган жана Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттары дагы социалдык коргоого жана жумушка орношууга муктаж.

 

Маалыматка ылайык, учурда жумушсуздук боюнча жөлөкпулдардын өлчөмү 300 сомдон 800 сомго чейин жана бул акчаны Эмгек министрлигинин жумуш менен камсыз кылуу кызматында катталган адамдар гана ала алышат.

 

«Тамак-аштын баасы күн сайын өсүүдө. Бул каражаттарга эмне жетет? Дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрү социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүүгө аракеттенип жатышат. Бирок, биринчиден жарандарды жумуш менен камсыздашыбыз керек», - деди Осмонова өкмөттү жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды көбөйтүүгө үндөп.

 

Өз кезегинде Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Дүйнөлүк банк менен биргеликте жумушсуздарды колдоо максатында иштелип жаткан долбоор жөнүндө айтып берди.