Депутат Камчыбек Жолдошбаев коронавирус менен күрөшүү үчүн 1 миллион сом бөлөт

19 марта 2020, 14:20

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев коронавирус менен күрөшүү үчүн 1 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Камчыбек Жолдошбаев өзүнүн кесиптештери менен өлкөдөгү ишкерлерди өкмөткө жардам берүүгө чакырат.

«Мына, биз ушул жерде отуруп бири-бирибиз менен учурашуудан кооптонуп жатабыз. А биздин дарыгерлер коронавирус менен бетме-бет күрөшүүдө. Мен бүгүн өкмөттүн эсебине 1 миллион сом котором, ошондой эле калганыңыздарды да мындай кадамга барууга чакырам», — дейт эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков мамлекетке жардам берүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп бөлүмү ачылган.