Депутат өкмөттүн экономикалык өсүштөр болуп жатат деген билдирүүсүн сынга алды

12 сентября 2019, 12:25

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев өкмөттүн экономикалык өсүштөр болуп жатат деген билдирүүлөрүн сынга алып, бюджетте тескерисинче артка кетүү болуп жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал 12-сентябрда, парламенттин түрдүү маселелерди караган жыйынында айтты.

“Расмий маалыматтарда, ички дүң өнүмүбүз 6,2% өстү, экономикабыз өсүп жатат деп айтып жатабыз. Бирок ошол эле мезгилде бизде бюджеттин киреше бөлүгүндө 4,8 млрд. сом аткарылбай калып жатат. Экономикалык өсүш Кумтөр менен эле байланыштуу, себеби алтын өндүрүү 63% көбөйдү деп жатабыз. А салык канча түштү? Болгону 13% гана көбөйүп жатат. Анын ичинде сатык налогу 330 миллион сомго, же болбосо 11%га төмөн болууда. Мигранттардын которгон акчасы он пайызга төмөн болуп жатат былтыркыдан. ЕАЭБдин алкагында экспорт 20%га төмөндөдү, анын ичинде Орусияга экспортубуз эки эсеге азайды. Ушул маселелерге да катуурак көңүл буруш керек. Алдын албаса кийин кыйын болуп калат”, - деди ал.

Мунун алдында Улуттук статистика комитети 2019-жылдын январь-августундагы көрсөткүч өткөн жылдын алгачкы сегиз айына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйүп, 334,6 млрд. сомду түзгөнүн кабарлаган. Мындан башка да көрсөткүчтөр боюнча экономикалык өсүштөр болуп жатканы өкмөттүк жыйындарда көп айтылып келе жатат.