ЖКтин депутаты чек ара чатагынан жабыркагандарга 1 млн сом жардам көрсөттү

4 мая 2021, 12:30

Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев  чек ара чыр-чатагында  жабыркагандарга 1 миллион сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Кыргызстан оор күндөрдү баштан кечирүүдө. Азыр  бири-бирибизди колдоп, Баткен облусунун  чыр-чатактан жабыркаган чек ар аймактарынын   калкына жардам көрсөтүү өтө керек болуп турат”, - деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Баткен районунун тургундарына жардам катары ачылган өкмөттүн атайын эсебине  6.7 миллион сом чогулду.