Малиев «Кумтөрдөн» Жети-Өгүз районуна салык төлөөнү өтүндү

3 ноября 2022, 16:40

Парламент жыйынында депутат Арсланбек Малиев “Кумтөр” алтын кенинен Жети-Өгүз районуна салык төлөөнү өтүндү.

Анын айтымында, “Кумтөргө” район боюнча алгач 5117 гектар, андан кийин таштанды сактоо үчүн 972 гектар жер берилген.

“Жети-Өгүз районунда жайыт жерлери бөлүнүп берилип, компенсация төлөнбөй калган. Салыктар да төлөнбөй жатат, андыктан салык төлөө боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарыл”, - деп кошумчалады ал.