Абхазия менен Армениядан келген унааларды каттоого уруксат берүү сунушталды

5 октября 2022, 11:35

Парламент депутаты Русланбек Жакышов жыйында Абхазия менен Армениядан келген унааларды каттоого уруксат берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, акыркы жылдары Абхазия менен Армениядан келген унаалардын саны көбөйүп, балким 50 миңге чейин жеткен.

«Мындай унаалардын айдоочулары каттоого жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Аларга жардам берсек, бюджетке миллиондогон сомдор түшөт. Эгерде каттоодон өтсөк, автопаркыбыз жаңыланып, унаалардын баасы арзандайт», — дейт Жакышов. 

Ал ошондой эле Кыргызстанда оң рулдуу унааларды сол рулдуу унаага айландыра турган сервис ачууну сунуштоодо. 

Анын айтымында, бул дүйнөлүк практика.