Депутат он үчүнчү пенсияны берүүнү сунуштады

21 декабря 2023, 12:56

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиевге он үчүнчү пенсияны төлөө мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Анын айтымында, Орусияда мыйзам долбоору даярдалып жатат. Ага ылайык ар бир пенсионерге туулган күнүнө чейин он үчүнчү пенсия төлөнөт.

"Жылдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен пенсионерлерге бир жолку төлөм берилсе жакшы болмок деген ой болуп жатат. Муну 13-пенсия деп атаса болот. Жаңы жылга карата сыйлык, кошумча катары 13-айлык алабыз. Орусияда ар бир пенсионердин туулган күнүнүн алдында 13-пенсия берүү тууралуу мыйзам даярдалып жатыптыр. Бул биздин карыларга жардам, жөлөкпул болуп калмак. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?", - деди депутат.