Депутат мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 40 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

10 июня 2021, 17:20

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Эмил Токтошев мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Ага ылайык, айып пулдун өлчөмүн 40 миң сомго чейин жогорулатуу керектиги айтылды.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө мас абалында унаа айдагандыгы үчүн жеке адамдарга 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сом айып салынат.

Милициядан билдиришкендей, мас болуп унаа башкарган айдоочулардын саны 2019-2020-жылдарга салыштырмалуу өсүп жатат.