Депутат пенсияны банктар аркылуу гана берүүнү суранды

22 декабря 2023, 10:59

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевден жарандарга пенсияны банктар аркылуу гана берүүнү суранды.

Анын айтымында, пенсионерлер почта бөлүмдөрүндө пенсия өз убагында берилбей, гезит сатып алууга аргасыз болуп жатканына нааразы болушкан.

Соцфонддун төрагасы мындан беш жыл мурда пенсионерлердин 25% банк аркылуу, 75% почта бөлүмдөрүнөн пенсия алганын айтты. Азыр пенсионерлердин 77%ы пенсияны банктар аркылуу ала башташты.

“Пенсионерлер өздөрү акча алуу үчүн кандай ыңгайлуу экенин өздөрү тандашат. Биз аларды мажбурлай албайбыз”, - деп жооп берди Алиев.