Эл өкүлү Улуттук банктын эсептик ченди көтөрүүсүнө каршы

2 декабря 2021, 15:55

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова парламент жыйынында Улуттук банктын эсептик ченди көтөрүүсүнө каршы чыкты.

Эске салсак, 30-октябрда Улуттук банк эсептик ченди 8%га чейин көтөрүү чечимин чыгарган.

Жыйында депутат Улуттук банктын эсептик ченди көтөрүшү менен калк үчүн сомдук насыянын пайызы жогорулай турганын айтты.

"Азыр жарандар 8%дан төмөн үстөк менен насыя ала алышпайт экен. Эмне үчүн мындай чечим кабыл алынды? Инфляциянын деңгээли 12% же андан да жогору көтөрүлгөнүн түшүнөм. Бирок биздин жарандар жеткиликтүү насыяга муктаж. А биз аларга муну бере албайбыз. Калкыбыздын дээрлик 90% насыя менен жашайт", - деди Мамашова.

Ал кесиптештерин Улуттук банкка протоколдук тапшырма жөнөтүүгө чакырды. Ал эми бул маселени майда-чүйдөсүнө чейин иргеп чыгуу керек деп эсептейт.