Депутат шайлоо чыгымдарын оптималдаштырууну сунуштады

2 декабря 2021, 13:21

Депутат Улугбек Садиков шайлоого бөлүнгөн каражаттардын сарпталышын оптималдаштыруу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтылды.

Ал белгилегендей, 30 жылдан бери шайлоо процессинин жүрүшүндө бюджеттик каражаттар ашыкча чыгымдалган.

Ал эми чыгымдарды кыскартуу үчүн парламентарий алдын ала шайлоочулардын келишин эске алып, керектүү сумманы бөлүп берүүнү сунуштоодо.