«Аманат Строй Инвест» компаниясына нааразылык парламентте көтөрүлдү

25 мая 2023, 17:10

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков "Аманат Строй Инвест" компаниясынын артында кимдер турганын билүүнү талап кылды.

Анын айтымында, аталган ишкана Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин Баткен облусундагы үйлөрдү калыбына келтирүүгө мамлекеттен акча алып, бирок подряддык иштерди башка чакан ишканаларга өткөрүп берген.

Натыйжада 30 ишкер "Аманат Строй Инвест" ишканасынан 20 миллион сомдук жумушу үчүн акча ала албай жатат.

"Кээ бир ишканалар курулуш материалдарын сатып алуу үчүн өз каражатын жумшашкан. Ошондой эле үй курууга жалданган көптөгөн жумушчулар учурда айлык ала албай жатышат", - деди депутат.