Депутат жакынкы 3 жыл ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд $ жетет дегенге ишенбейт

1 ноября 2019, 15:30

Өкмөт жакынкы үч жылда тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд долларга  жетет деп ишендирүүдө. Бул тууралуу 29-октябрда экономика жана фискалдык саясат тууралуу комитеттин жыйынында депутат Азамат Арапбаев билдирди. 

Анын айтымында, акыркы он жыл ичинде экспорттун көлөмү 100 млн долларга түшүп кеткен. 

«100 млн долларга чейин минуска кетип жатсак, каяктагы 1 млрд доллар жөнүндө сөз болуп жатат?» - деп ишенбөөчүлүк көрсөттү.