Депутат: коронавирустун айынан накталайсыз түрдө төлөмдөргө өтүү керек

4 марта 2020, 18:00

Дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирустан улам өлкөгө накталайсыз түрдө төлөмдөрдү Улуттук банк ишке ашыруу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов билдирди. 

Мумун себебин ал, карта төлөмү аркылуу элдер бири-бири менен көп жакындашпайт деп түшүндүрдү. 

«Өкмөт бул суроону жалгыз чечпеш керек. Улуттук банк силер дагы бул суроонун чечилишине жардам көрсөтүшүңөр керек», —  деп айтты депутат.

Толкунбек Абдыгулов, бул система мурун эле ишке киргенин, көбүнчө эсеп-кысаптар базарда гана болорун билдирди.