Депутат Караколдогу мал союучу жайлар жабылганына нааразы болууда

26 января 2024, 09:45

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев Ветеринардык кызмат жапырт текшерүүдөн кийин мал союучу жайларды жапканын билдирди.

Ал Каракол шаарына карата башка мыйзам барбы деген наарычылыгын билдирди. 

“Өлкө боюнча мал союлуучу жайлар бирдей шарттарда иштейт. Ветеринардык кызмат кимдир бирөөгө иштегенин токтотсун. Алар (ред. мал союлуучу жайлар) элге кызмат кылган жеке ишкерлер”, - деди депутат.